Райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен мектеп директорлору катышкан жыйын өттү. Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адыл Абысейитов, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп директорлору катышты.
Жыйында жаз мезгилинде жаратылышка, тоого эс алууга чыгуу, 25-май акыркы коңгуроого мектеп бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу, бүтүрүү кечесине мектеп окуучулары тарабынан мыйзамсыз акча чогултуунун алдын алуу жана мектеп окуучуларынын топтошуп кортеж менен чыгуусун көзөмөлгө алуу менен мектеп жамаатынын жоопкерчилиги карала тургандыгы боюнча эскертүүлөр берилди.
Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо, бүтүрүүчү кечелерде күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу менен мугалимдерди биргеликте иштөөгө чакырды.
Тогуз-Торо району боюнча жалпы 14 мектеп, 1 кесиптик лицей бар.