Тогуз-Торо: Аким ардагердин жесиринен кабар алды

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мамбеталы Барчакеевдин жесири 91 жаштагы Жибек Бексултановадан кабар алып акчалай белектерин тапшырды.
Куттуктоо үчүн барган акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Зууракан Акунова даярдалган белектерин тапшырышып, ардагерге ден соолук, өмүр тилеп, дайыма арабызда үлгү болуп жүрө беришин белгилөө менен Улуу Жеңиштин 79 жылдык майрамы менен куттукташты.
Ардагер согуштук күндөрдү жана басып өткөн кандуу жолдорун эстеп айтып берип, ак батасын берди.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply