Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К.Кожошовдун куттуктоосу!!!

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К.Кожошовдун куттуктоосу!!!

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары, урматтуу жердештер!!!

Мамлекетибиздин көз карандысыздыгына карай жолубуздун башаты эне тилибизди сактап калуу кыймылынан башталганы баарыбызга белгилүү. 31 жыл мурда бул кыймыл зор коомдук күчкө өсүп жетип, кыргыз тилинин мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.

Ошол мезгилде кабыл алынган 23-сентябрь күнүн мамлекеттик тил майрамы катары жыл сайын белгилеп келе жатабыз. Баарыңыздарды улуттук рухий майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздө 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында кыргыз тилинин коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө толук кандуу иштеши, элибиздин биримдигин камсыз кылып, бириктирүүчү ролду аткараары баса белгиленген. Учур талабына шайкеш тил саясатын жүргүзүү, мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди өздөштүрүү жаш муундардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө зор мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик тил саясатын сиздер менен чогуу кызматташып, кыргыз тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна салым кошуп, сапарлаш болуп келебиз!

Залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков  “Тилдин ээси – эл” деп белгилегендей,  жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.

Андыктан, биздин тилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Башка улуттун өкүлдөрүн өз айланабызга бириктирип, ынтымакта иштешүүнүн бирден-бир жолу – мамлекеттик тилди кеңири колдонуу. Баарыбыз эң ириде эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнөлү.

Мамлекеттик тилибиздин түбөлүгү түз болсун, майрамыңыздар менен!

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply