Тогуз-Торо районунда “Кургак учукту бирге жеңебиз!” атылышындагы бир айлык өнөктүктүн алкагында, райондогу Дөдөмөл, Кош-Булак, Казарман айылындагы мектептерде “24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күн. Кургак учукту бирге жеңебиз!” деген ураан менен окуучулар үчүн ооруну алдын алуу жана сактануу тууралуу окутуу өткөрүлдү.
Ага райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун фтизиатр дарыгери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, ден соолукту чыңдоо кабинетинин жана фельдшердик акушердик пунктарынын медицина кызматкерлери мектептерде, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Мектеп окуучулары кургак учук илдетине кабылбоо үчүн жылына бир ирет текшерилип туруу, алты айда бир жолу рентген аппаратына түшүү жана оорулуу бейтаптарды басынтуунун алдын алуу максатында сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүштү.
Соңунда ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан окуучуларга кургак учукту алдын алуу боюнча атайын маалымат баракчалары таркатылды.
Эскерте кетсек, Тогуз-Торо районунда 24-февралдан 24-мартка чейин “Кургак учукту бирге жеңебиз!” акциясы башталган. Анын алкагында райондук оорукананын медицина кызматкерлери тарабынан түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.